Site icon Reporter.kg

Үч-Коргондон Орусияга 100 тонна дарбыз жөнөтүлдү

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун дыйкандары Орусияга 100 тонна дарбыз жөнөтүштү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Анын маалыматында, кошумча дагы эки фурага 5о тонна дарбыз жүктөлүп жатат.  Автотранспортторду чек аралардан тоскоолдуксуз өткөрүүгө жана сатууга көмөк көрсөтүлүп жатат.

Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында  1991 га дарбыз, 251 га коон талаалары ээлейт.

Exit mobile version