Site icon Reporter.kg

Үч миң сомдон көмүр алууну каалагандардын саны 1,5 миңге жетти — сүрөт

Үч миң сомдон көмүр алгысы келгендердин саны 1,5 миңге жетти. Бул тууралуу жеринен Reporter.kg’нин кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, көмүр алууну каалагандардын аты-жөнү жазылган тизме түзүлгөн.

“Саат 17:00гө карата тизмеде тургандардын саны 1428 адамдан ашты, тизмеге жазылуу улантылууда. Көмүр алууну каалагандардын айтымында, бүгүн 135 жаранга көмүр берилип, ал саат 14:00гө чейин бүттү”, — дейт кабарчы.

Белгилей кетсек, көмүр сатылып жаткан жердеги адамдар “Көмүр кезеги” телеграм каналын ачып, анда кезектери жана акыркы маалыматтар тууралуу билип турушат.

Алдын ала маалымат боюнча эртең дагы 500 тонна көмүр алып келинип, аны сатуу иштери саат 09:00дө башталат.

Exit mobile version