14-июль күнү Ысык-Көлдө эс алып жүрүп, скутер айдап кеткен бойдон дайынсыз жоголгон 53 жаштагы казак жараны табыла элек. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
15-июль күнү аны издөөгө 66 куткаруучу тартылып, кечки саат 19:20га чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн.
Бүгүн да издөө иштери улантылат.