Site icon Reporter.kg

Үй-бүлө чыры өлүм менен аяктады. Кеминдеги окуянын чоо-жайы

Rural Kyrgyzstan, suburbs of Bishkek. Credit: Sveta Zelenskaya // Kloop.kg

Кемин районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма соз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-июнда Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө үйлөрдүн биринин короосунан эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде, ыкчам-тергөө тобу дароо барып, ал жерден 1984-жылы туулган Н.А. аттуу жарандын күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилери бар жансыз денеси табышкан.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган А.С. аттуу аялы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш жубайлардын ортосундагы чыр-чатактан улам аялы күйөөсүн бычак менен сайып алаганы белгилүү болгон.

Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Exit mobile version