Site icon Reporter.kg

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоодо турмуш-тиричилик техникасы эсепке алынбайт

Эмгек, социалдык камсыздоо жага миграция министрлиги «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу кимдерге жана кандай учурда берилерин айтты.

Бул жөлөкпул 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөрлөргө берилет. Үй-бүлөнүн тапкан кирешеси ар бир адамга бөлгөндө 1 миң сомдон ашпашы керек.

«Үй-бүлөгө көмөк» ар бир балага 1 200 сомдон 16 жашка чыкканга чейин берилет. Ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандарга жөлөкпул тийиштүү райондук коэффициенттер менен эсептелет.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо эске алына турган кирешелер:

Аталган жөлөкпулду дайындоодо үй-бүлөнүн үй-тиричилик техникасы, тактап айтканда муздаткыч, телевизор, кир жуугуч машиналары жана башка техникалары эсепке алынбайт.

Үй-бүлөдө жеңил унаа (заводдон чыкканына 20 жылдан аша элек болсо), айыл чарба техникасы (трактор, комбайн), жүк ташуучу унаа жана кичи автобус болсо, жөлөкпул берилбейт.

Ошондой эле үй-бүлөдө ар бир адамга 4төн ашык майда мал жандык (кой-эчки) туура келсе да, жөлөкпул берилбейт. Маселен бодо малы болсо, 1 уй 6 майда жандык, 1 торпок 2,5 майда жандык, 1 жылкы 7 майда жандык, 1 бука 8 майда жандык деп эсептелет.

 «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо эске алынбай турган кирешелер:

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу документтер тапшырылган айдан кийинки айдын бирнчи күнүнөн тартып бир жылга дайындалат.

Жөлөкпулду дайындоо маселелери боюнча толук маалымат жана консультация алуу үчүн жарандар социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарына кайрыла алышат.

Exit mobile version