Site icon Reporter.kg

Үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталган жаранды онлайн көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоор каралууда

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында үй-бүлөлүк зомбулук фактысында жазаны жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоор каралып, 1-окууда жактырылды.

Бул мыйзам долбоордо үй-бүлөлүк зомбулук жасоого айыпкерлер үчүн административдик камакка алуу жоопкерчилигинин мөөнөтүн 14 күнгө чейин узартуу сунушталууда.

Ошондой эле долбоордо үй-бүлөлүк зомбулук актысын жасаган адамдардын жүрүм-турумуна электрондук байкоо жүргүзүү каралууда. Электрондук көзөмөл жүргүзүүдө билерик жана мобилдик тиркеме колдонулат.

Тактап айтканда, үй-бүлөлүк зомбулук катталган учурда алгач күч органдары тарабынан коргоо ордери берилет. Эгерде мындан кийин зомбулук токтобосо, айыпкерге электрондук билерик тагылып, анын жүрүм-туруму көзөмөлгө алынат. Көзөмөлгө алынган жаран кайрадан жабырлануучуга жакындаса, билерик аркылуу милиция кызматкерлерине билдирүү жөнөтүлөт. Алар барып, аны камашат же башка чара көрүшөт.

Мыйзам долбоорду Юстиция министрлиги сунуштап жатат.

Exit mobile version