Туугандары 40 жаштагы Максат Молдокматовду издеп жатышат. Ал 20-октябрда Бишкектеги Анкара көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Кийген кийимдери: кара күрмө, боз шым, баш кийим, кара өтүк.
Белгилери: бою 170 см, толук дене түзүлүштө, көзү күрөң.
Жакындары аны балким Ошко же Жалал-Абадга кеткендир деп болжошууда.
Дайынсыз жоголгон адам тууралуу маалыматы барлар 0222 40 87 67 телефону аркылуу кабарлап коюуну суранышат.