Site icon Reporter.kg

Үйлөнүү тоюнда ок чыгарган бала кармалды

Үйлөнүү тоюнда куралдан асманга ок чыгарган видеодогу бала кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата районунун Буденовка айылынын 22 жаштагы тургуну бир тууганынын үйлөнүү тоюнда куралдан асманга ок чыгарганы аныкталган. Аны видеого достору тартып алып, социалдык тармактарга жүктөшкөн.

Ушул тапта милиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Ага калктуу жайларда ок чыгаруу беренеси менен кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.

Exit mobile version