Site icon Reporter.kg

Үйүнө снаряд түшкөн: Баткендин тургуну жаңы үйлүү болду — сүрөт

2022-жылдын 14-17-сентябрдагы чек ара окуясында үйүнө снаряд түшүп, үйү жашоого жараксыз болгон Баткен шаарынын тургуну Бегали Рахманбердиевдин турак жайы толугу менен бүткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы жыл алдынан пайдаланууга берилген турак жай менен 31-декабрь күнү президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов таанышып чыкты.

Облус башчысы үй ээлерин жаңы өргөлүү болушу менен куттуктап, кут алып келген үй болушуна тилектештигин билдирди.

Бцга чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Джетыбаев Баткенде турак жайлардын курулуш иштери 22-октябрда башталып, бүгүнкү күндө 2 объект бүткөрүлүп, 121 үйдүн дубалы тургузулганын, 74 үйдүн чатыры жабылып, 9 үйдүн чатыры толугу менен бүткөрүлгөнүн маалымдаган.

2022-жыл: Чечиле элек чек ара чыры, өкмөттүн убадасы жана кыйналган эл

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version