Ыкчам чара көрүү тобунун мүчөлөрү эркек кишини токмоктоп кармалышты

Ыкчам чара көрүү тобунун мүчөлөрү эркек кишини токмоктоп кармалышты

Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам чара көрүү тобунун мүчөлөрү эркек кишини токмоктоп кармалышты.

Патрулдук милициянын маалыматы боюнча, милицияга 2-январь күнү таңкы саат 4: 45те Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде эркек киши сабалгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Милиция кызматкерлери келгенден кийин аларга 32 жаштагы А.А., арыз менен кайрылган, ал РРБ кызматкерлери тарабынан сабалгандыгын айткан.

Шектүүлөр колго түшкөн. Алар 30 жаштагы К.К. жана 20 жаштагы Б.Т. Шектүүлөр Биринчи май Райондук милициянын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Факты кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки процесстер жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>