Ыктыярчылар №1 оорукананын жетекчисин «гумжардамды жеп койгон» деп айыптап жатышат

Ыктыярчылар №1 оорукананын жетекчисин «гумжардамды жеп койгон» деп айыптап жатышат

Ыктыярчылардын №1 шаардык клиникалык ооруканага тапшырган гуманитардык жардамы медиктердин колуна тийген эмес. Бул тууралуу спортчу Абдурахманджи Муртазалиев өзүнүн “Инстаграм” баракчасына жазган.

Спортчу жардамга берилген респиратор сыяктуу коргонуу каражаттарды медиктер албагандыгын айтып жаткан видеону жүктөгөн.

 

View this post on Instagram

 

21:00 будет полное видео…

A post shared by Абдурахманхаджи Муртазалиев (@murtazaliev_bjj) on

Буга чейин Муртазалиев өзүнүн Инстаграм баракчасына медиктерге жеке коргонууга керектүү жабдууларды алуу үчүн эсеп ачканын жазган. Анын айтымында, 148 миң сомго 550 респиратор, 92 миң сомго 200 ампула алынып №1 шаардык клиникалык ооруканга берилген.

“Оорукананын жетекчиси Жусуп Бошкоевге өз колум менен бергем”, — дейт спортчу.

Андан соң бир канча күн өткөндөн кийин спортчуга коргоочу жабдыктар медиктерге берилбегендиги тууралуу анонимдүү билдирүүлөр түшө баштаган.

Азырынча №1 шаардык клиникалык оорукананын жетекчилигинен маалымат алууга мүмкүн болгон жок. “Репортер” экинчи тараптын оюн укканга да даяр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>