Site icon Reporter.kg

Үлпөт той кортежинде ээнбаштык кылган айдоочуларга 30 миң сом айып салынды

Үлпөт той кортежинде ээнбаштык кылган айдоочуларга 30 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматы билдирди.

Социалдык тармактарда “Hyundai Sonata” жана “Nissan Tiida” үлгүсүндөгү авто унаалардын ичиндеги жаран терезеден боюн чыгарып, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратканы боюнча видео тасма тараган.

Андагы машиналардын айдоочулары табылып,  айып салынып, унааларды айып короо жайына токтотушту.

Кайгуул кызматы айдоочулар ээнбаштыгыны дагы кайталаса алты айга айдоо укугунан ажыратылаарын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version