«Ынтымак» партиясы Бишкек шаардык кеңешине талапкерлердин тизмесин бекитти — сүрөттөр

«Ынтымак» партиясы Бишкек шаардык кеңешине талапкерлердин тизмесин бекитти  — сүрөттөр

Бишкекте “Ынтымак” саясий партиясынын кезексиз съезди болуп өттү. Бул ишчарага партия мүчөлөрү, делегаттар катышты.

Жыйында алгач Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоого партияны жетектеп бараткан тең төрагасы Айбек Кыштобаев сөз сүйлөп:

“Шаарыбыздын өнүккөн борбор болуусуна салымымды кошуу үчүн мен шаардык кеңешке аттанып жатам. Биздин жигердүү команданы баштап баруу ишеними берилип жатканы үчүн ыраазычылык билдирем. Мен ишеничти актай алаарыма көзүм жетет. Биздин команда тез арада ар бир жашоочу үчүн ыңгайлуу шаарга айлантууга жетише алат”, — деди.

Сөз алып сүйлөгөн Марлен Маматалиев: «Ынтымак» партиясы кимдир бирөөнүн же кайсы бир күчтөрдүн партиясы эмес, жигердүү жаштардын башын бириктирген партия. Партиянын максаты куру убадалардан алыс болуп, реалдуу иштерди жасоо менен элге кызмат кылуу деп белгиледи. Ошондой эле партия жалпы Кыргызстан боюнча жергиликтүү кеңештерди шайлоого катышып жатканын белгилеп өттү».

Жыйында сөз берилген “Ынтымак” партиясын түзүүчөлөрүнүн бири Бактыбек Аккулаков партиянын мындан аркы тагдырын Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевге тапшырып чоң ишеним артып жатканын айтып: “Партиянын тегерегине күчтүү жаштар топтолуп жатканын көрүп партиянын сапары байсалдуу болооруна ишенгенин”,- белгиледи.

Шаардык кеңешке талапкер катары көрсөтүлгөн ишкер айым Жибек Шарапова: “Өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдар окуп жаткан Кыргызстанда алгачкы инклюзивдүү мектептин негиздөөчүсү катары 30 миң өзгөчө балдардын 17 пайызы гана мектептерде окуурун айта алам. Ден соолугу чың 800 миң окуучунун 24 пайызы гана билим берүү системасына камтылган. Биздин келечегибиз болгон балдарыбыздын болочогу үчүн аракеттерди көрүу убактысы келди, эртең кеч болуп калат. Саясатка баруу чечими мен үчүн жеңил болгон жок, мен балдарыбыздын жаркын жашоосуна салым кошуу үчүн саясатка баражатам”,-деди.

Ишчарада Бишкек шаардык кеңешине жана Кыргызстандын башка шаарларындагы талапкерлер тааныштырылып, талапкерлердин тизмеси жашыруун добуш берүү менен бекитилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>