Ырчы Асел Кадырбекова  көзүн ачып, тамак ичип калды

Ырчы Асел Кадырбекова  көзүн ачып, тамак ичип калды

Ырчы  Асел Кадырбекова  көзүн ачып, тамак ичип калды. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Анын айтуусуна караганда ырчы али толук эсине келе элек.

“Комадан толук чыга элек. Аселди мурда түтүк менен тамактандырып жатканбыз. Азыр “тилиң, мурдуң кана?” деп сураганда көрсөтүп, кашык менен тамак берсек өзү жутуп калды. Буюрса жылыш бар”, — дейт дарыгер.

26-июнда 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун унаалары сүзүшкөн.  Анын кесепетинен Camry үлгүсүндөгү унаада бараткан Асел Кадырбекова жана экинчи машинадагы эки киши жабыркаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>