Ырчы Бек Борбиев «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт иштери үчүн айып пул төлөйт

Ырчы Бек Борбиев «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт иштери үчүн айып пул төлөйт

Ырчы Бек Борбиев «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын үгүт иштери үчүн айып пул төлөйт. Бул маалыматты Reporter.kg сайтына Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Буга чейин Борбиев өзүнүн «Мекеним Кыргызстан» аттуу ырын жарыялаган. Видеодо партиянын логотибин бир нече ирет көрүүгө болот. Кийинчерээк ырчы өзү парламенттик шайлоого катышпай турганын айткан.

БШКнын маалыматы боюнча, үгүт иштери жана даттануулар боюнча эки жумушчу топтун отурумунун жыйынтыгында, Борбиевге Бузуулар жөнүндө кодексинин 44-беренесине ылайык, 7 миң 500 сом айып пул салынат. Мыйзам бузуулар жөнүндө протокол түзүү сунуштамасы менен ыйгарым укуктуу кызмат адамына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>