Site icon Reporter.kg

Ырчы Бек Исраилов «Славян базары» сынагында 3-орунду ээледи (видео)

Кыргызстандык ырчы Бек Исраилов «Славян базары» музыкалык сынагында 3-орунга ээ болду. Бул тууралуу сынактын түз эфиринде маалымдалды.

Беларусияда өткөн сынак 18-июлга караган түнү жыйынтыкталып, анда баш байгени 13 катышуучунун ичинен белорус ырчысы Анна Трубецкая ээледи. Экинчи орунду Россиядан келген Анастасия Белявская жана Болгария ырчысы Димитрина Германова алышты. Учүнчү орунга армениялык ырчы Мария Ханданян жана кыргызстандык ырчы Бек Исраилов татыды.

Бек Исраилов 16-июль күнү сынактын биринчи турунда  Александр Серовдун «Я люблю тебя до слёз» аттуу ырын аткарган. Экинчи турунда англис тилиндеги дүйнөлүк хит чыгармалардын бирин аткарган.

«Славян базары» эл аралык музыкалык сынагы 1992-жылдан бери өткөрүлүп келет.

 

 

Exit mobile version