Site icon Reporter.kg

Ырчы Малик Аликеевге эки жолу операция жасалды – сүрөт

Ырчы Малик Аликеевдин жамбаш сөөгүнө эки жолу операция жасалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов “Фейсбукка” жазган.

Министр Жаманкулов Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жаткан ырчынын саламаттыгы жакшы экенин жана жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарыларын кошумчалаган.

Буга чейин ооруп жаткан ырчынын төшөктө отуруп алып ырдаган ыры социалдык тармактарда тарап, ырчынын күйөрмандары тынчыздануусун билдирген. Андан көп өтпөй Малик Аликеевге операция жасатуу зарылдыгы жаралып, ал Таластан Бишкек шаарына которулган.
[su_image_carousel source=»media: 35565,35566,35567,35564,35562″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version