Ырчы Мирбек Атабеков эки дем алдыруучу аппарат алууга каражат бөлдү

Ырчы Мирбек Атабеков эки дем алдыруучу аппарат алууга каражат бөлдү

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков эки дем алдыруучу аппаратын алууга каражат бөлдү. Бул тууралуу ал өзүнүн “инстаграм” баракчасында билдирди.

Ырчы кыйын күндөрдө колунда бар адамдар өлкөгө жардам бериши керектигин айтты.

«Мындай кыйын күндө өлкөгө ортодо жардам берели. Бизде 100 миң эмес, андан көп акча бөлө турган бай инсандарыбыз бар», — дейт Мирбек Атабеков.

Атабеков Адыл аттуу мырза кошумча дем алдыруучу аппараттарды алууга колунда бар жарандарга кайрылуу кылып жаткан видеосун көрүп, карап тура албадым деп кошумчалаган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

?? @adylbekasanov

Публикация от Мирбек Атабеков (@mirbek_atabekov)

Учурда Кыргызстанда 473 дем алдыруучу аппарат жана 610 кислороддук концентратор бар.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги 2 миң кислород концентратор жана кошумча дем алдыруучу аппараттар дагы керектигин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>