Гүлшайыр Садыбакасованын уулу жүрөк оорусунан каза болду

Гүлшайыр Садыбакасованын уулу жүрөк оорусунан каза болду

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын уулу Эркин Садыбакасов кечээ түнү жүрөк оорусунан улам каза болду. Бул тууралуу ырчы Сайкал Садыбакасова SUPER.KG порталына тастыктаган.

«Иним кечээ түнү Бишкектеги үйдөн жүрөгүм ооруп жатат деп калды. «Тез жардам» кызматын чакыртып, ооруканага алып бардык. Көп өтпөй эле көз жумду. Жүрөгү кичине ооручу окшойт. Бирок астма оорусу менен жабыркап келген. Эркин 19 жашта эле, Эл аралык мамилелер академиясында окучу», — деген ырчы. 

reporter.kg сайтынын эмгек жамааты Гүлшайыр Садыбакасованын, Сайкал Садыбакасованын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>