Site icon Reporter.kg

Ырчы Юлия Руцкаянын апасын автоунаа сүзүп кетти, — видео

Ырчы Юлия Руцкаянын апасын автоунаа сүзүп кетти. Бул тууралуу ырчы инстаграм баракчасына жазды. 

Анын сөзүнө караганда апасын үйүнүн жанында тротуарда автоунаа сүзүп кеткен.   

“Азыр мен ооруканадамын, апамдын мээси чайкалып, тиши жана сөөктөрү сынган. Кудайга шүгүр, апам өзүнө келип сүйлөп жатат”, — деп жазган ырчы.

Ошондой эле ал айдоочу качып кетпегендигин, дарыланууга кете турган каражаттарды көтөрө тургандыгын билдиргенин жазган.

 

Exit mobile version