Site icon Reporter.kg

Үрөйүң учат. Милиция өспүрүм баланы зордуктады

мальчик, несовершеннолетний

Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан Н.О.  Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Свердлов райондук милиция кызматкери жана К.Н.  аттуу тургун жашы жете элек баланы жыныстык катнашка мажбурлаган.

Бул кылмышты жасоо учурунда К.Н аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми  3-март күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин кызматкери А.Э кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version