Site icon Reporter.kg

Үрүмчү—Бишкек—Үрүмчү багыты боюнча аба каттамдары качан жанданары белгилүү болду

Үстүбүздөгү жылдын июнь айынан тарта Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү багыты боюнча аба каттамдары жанданат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тышкы иштер министрлиги мындай макулдашууга президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин, Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин активдүү иштөөсү менен жетишилгенин белгилейт.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча деталдуу маселелер жакынкы аралыкта эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда макулдашылат.

Exit mobile version