Site icon Reporter.kg

Ысык-Ата районуна асыл тукум канаттуулар заводу курулат

Чүйдүн Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылында асыл тукум канаттуулар заводу курулат. Капсула салуу аземине айыл чарба министрлиги Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор фермерлердин балапан багытындагы жумурткаларга болгон муктаждыктарын канааттандыруу максатында ишке ашууда.

«Сары Жон» асыл тукум канаттуулар заводу эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап европалык жабдуулар менен жабдылат.

Ишкана ишке кирсе 40 жумушчу орун түзүлөт. Жалпы 75 миң башка ылайыкталган 3 даана канаттуулар сарайы салынат. Жылына 13 миллионго чейин балапан чыгаруучу инкубатор курулуп, 6,5 миллионго чейин бир күндүк тоок балапандары чыгарылат.

Ветеринардык биокоопсуздук боюнча балапандарды эмдөөнүн эң заманбап схемалары колдонулат. Ошондой эле, канаттуулардын ооруларын аныктоо, канаттуулар фабрикаларындагы ветеринардык абалга мониторинг жүргүзүү боюнча ветеринардык лаборатория курулат.

Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жана Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жатканы айтылды.

Exit mobile version