Site icon Reporter.kg

Ысык-Ата районда унаа кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды

Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылынын Ленин көчөсүндө жол кырсыгы болуп, бир адам каза болду.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирип, дагы 3 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилгенин кабарлайт.

Министрликтин маалыматына караганда, кырсык 7-июль күнү саат 07:00 чамасында болгон. Анда “ВАЗ-2107” жана “Mercedes-Sprinter” унааларынын ортосунда жол кырсыгы катталган.

ӨКМдин куткаруучулары каза болгон 23 жаштагы жигиттин сөөгүн чыгарып, милиция кыызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version