Site icon Reporter.kg

Ысык-Атада 10 гектар эгин талаа күйүп кетти (видео)

Бүгүн, 19-июль күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунда «Элдан Аталык» ЖЧК тиешелүү 20 гектар эгин талаанын 10 гектары күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, маалымат саат 18:16да келип түшкөн. Жерине Ысык-Ата райондук, Кант жана Бишкек шаардык ӨКБдан жалпы 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 18:28де чектөөгө алынып, толук 18:46да өчүрүлдү.

Өрт эгинди чабуу иши жүрүп жатканда чыккан. Жалпы 20 гектар жердин калган 10 гектарын чабып алууга үлгүрүшкөн.

Кырсыктан жабыркагандар жок, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

 

Exit mobile version