Site icon Reporter.kg

Ысык-Атада телефон кабелдерин уурдап жүргөн киши кармалды

Кабель уурулук боюнча бир нече фактыларды жасаган деген шек менен адам кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  27-апрель күнү Ысык-Ата райондук милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ивановка айылында телефон кабелин уурдаганга шектүү жаран кармалды. Ал тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Анын өздүгү такталып, ал жергиликтүү тургун 51-жаштагы М.Д. болуп чыккан.

Ысык-Ата РИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган жаран Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында дагы 4 кабель уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version