Site icon Reporter.kg

Ысык-Атада жол кырсыгынан эки киши каза болду

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун «Бишкек-Нарын-Торугарт» айланма унаа жолунун 51-чакырымында (Кең-Булуң айылы) «Ford Mondeo» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай бетон тосмону сүзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен 2 адам (1970-жылы туулган К.Т. аттуу (эркек киши) 1970-жылы туулган К.Ж. аттуу (аял киши) каза болгон.

Жерине Токмок шаардык №21 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын сөөктөрүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Exit mobile version