Site icon Reporter.kg

Ысык-Атадагы каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылды

22-мартта Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы каналдан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каналдан 30-35 жаштар чамасындагы, азият түспөлүндөгү эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Куткаруучулары маркумду суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Exit mobile version