Site icon Reporter.kg

Ысык-Атадагы Такыр-Төр тоо көлү жырылды: Эвакуация жүрүп, жабыркагандар жок

Кечээ, 27-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, анын кесепетинен улам 950 адам эвакуацияланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кырдаал менен жеринде таанышуу үчүн өзгөчө кырдаал катталган аймакка тез арада учуп барды.

Тез жардам кызматтары, ӨКМдин куткаруучулары жана тиешелүү мамлекеттик органдар оперативдүү түрдө өз ара аракеттенүүдө. Учурда кесепеттерин жоюу иштери жүрүп, кырдаал толук көзөмөлдө.

“Эң негизгиси — адам өмүрүнө зыян келген жок. Жабыркагандар катталган эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калкка расмий маалымат булактарына гана ишенүүгө жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат”,-деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version