Site icon Reporter.kg

Ысык-Көл аймактык ооруканасынын  бөлүм башчысы Сарбагыш Иманалиев каза болду

Ысык-Көл аймактык ооруканасынын  жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев каза болду. Бул маалыматты маркумдун жакындары тастыкташты.
Ага ылайык, Сарбагыш Иманалиев  бүгүн, 27-июлда эртең менен каза болгон. Ал пневмония дартынан улам көз жумган. 

59 жаштагы Сарбагыш Иманалиев Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин бүтүргөн. Саламаттык сактоо тармагында 36 жылдан бери иштеп келген.

Exit mobile version