Site icon Reporter.kg

Ысык-Көл облусунда тогуз айда жол кырсыгынан 58 киши мерт кетти

Быйыл январь-сентбярь айларында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 58 киши каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 9 ай ичинде облус аймагында 250 жол кырсыгы катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 24 учурга аз катталган.

Ал эми жол кырсыгынын кесепетинин каза болгон адамдардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 34,8 пайызга, жаракат алгандар 22,8 пайызга кыскарган. Жол эрежелеринин талаптарын бузуунун 21305 учуру аныкталса, анын ичинен 543 айдоочу мас абалында кармалган.

Облустук милициядан кошумчалагандай, жол кырсыктарынын көпчүлүгү айдоочулар тарабынан жана авто жолдордун начар абалдарынан келип чыккан.

Exit mobile version