Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө 29 жаштагы киши сууга чөгүп каза болду

Ысык-Көлдө 29 жаштагы киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Малыматка ылайык, 16-августта Ысык-Көл районунун Бостери айылында 29 жаштагы киши сууга чөгүп кеткен. Аны издөөгө ӨКМнын куткаруучулары тартылып, эртеси 17 августта маркумдун денеси суудан табылган.
Жансыз дене милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Exit mobile version