Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө 36 жаштагы адам сууга чөгүп каза болду

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 36 жаштагы киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, окуя 27-майда саат 17:00 чамасында Пристань-Пржевальск айылында болгон.

Сууга чөгүп кеткен киши достору менен көл жээкке эс алууга барган. Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары барып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.

Exit mobile version