Ысык-Көлдө айылдашынын унаасын уурдап кеткен адам кармалды

Ысык-Көлдө айылдашынын унаасын уурдап кеткен адам кармалды

Ысык-Көл обулсунун Тоң районунунда айылдашынын унаасын айдап качкан шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, 4-февралга караган түнү Бөкөнбаев айылынын тургуну милицияга кайрылып, белгисиз адамдар үйүнүн алдында токтоп турган «ВАЗ-2121» үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качканы боюнча арыз жазган.

Аталган факты Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, ыкчам иликтөө иштери башталган.

Окуядан 3 саат өткөн соң, жол тескөөчүлөрү тарабынан кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 26 жаштагы Бөкөнбаев айылынын тургуну кармалган.

Териштирүү учурунда, шектүү унаа айдап качкандан кийин, Жети-Өгүз районунун Барскоон айылына барып, ал жерден дүкөнгө кирип, 8 мобилдик телефондорду жана Тосор айылынын дүкөнүнөн азык-түлүк товарларын уурдагандыгы милиция кызматкерлери тарабынан аныкталган. Бардык тийиштүү материалдар чогултулуп, райондук милиция берилген.

Кылмышка шектүү адам убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
[su_image_carousel source=»media: 19775,19776″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>