Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө мас абалда унаа башкарган 17 айдоочу аныкталды

Ысык-Көл облусунда Жаңы жылдын алгачкы күндөрү мас абалда унаа башкарган 17 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 30-декабрдан 6-январга чейин облус аймагында 3 жол кырсыгы катталган. Мындан башка жол кыймылын эрежелерин бузган 625 айдоочуга протокол түзүлгөн. Анын ичинен мас абалда унаа башкарган 17 айдоочу кармалып, 22 унаа айып коргоо жайына киргизилген.

Январь айынын алгачкы жумасында облус аймагына туристтедин жана эс алуучулардын келиши жанданат. Буга байланыштуу милициянын кошумча мобилдик топтору туристтик жайларда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тартылат.

Exit mobile version