Ысык-Көлдө Маяк айылынын эли лагерди обцервация жайы кылууга каршы чыгышууда — видео

Ысык-Көлдө Маяк айылынын эли лагерди обцервация жайы кылууга каршы чыгышууда — видео

Ысык-Көл айылындагы (мурдагы Маяк) “Маяк” балдар лагерине коронавирусту жуктургандар жана карантинге алынган жарандарды жаткырганга жергиликтүү тургундар каршы чыгышып, чыр чыгарышууда деген видеосун REPORTER.KGге окурман жиберди.

Видеодон айыл эли массалык түрдө чыгышып, тартип сакчыларына ээ бербей ызылдап жатканын көрүүгө болот.

1-апрелге караган түнү райондун Ысык-Көл айылындагы (мурдагы Маяк) “Маяк” балдар лагерине белгисиз бирөөлөр келип, терезелерди талкалап кетишкенин Ысык-Көл облустук администрациясынын басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев REPORTER.KGге тастыктаган.

Учурда аталган лагерде 100гө жакын адам  обсервацияда жатат.

Буга чейин ушул эли айылдын эли Байзак жана Түп айылдарынан райондук ооруканага жаткырылган эки дааватчынын үй-бүлөсүн киргизбей койгону айтылган. Жергиликтүү бийлик аларды балдар лагерине жаткырабыз деген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>