Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө мыйзамсыз кийик аткандар кармалды – сүрөт

Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн рейд учурунда тоо эчкилерин аткан браконьер колго түштү. Бул тууралуу НАБУ жаратылышты коргоо уюмунан кабарлашты.

Тоо эчкилерди мыйзамсыз аткандар Нарын облусунун тургундары болгон. Алар бир эчкини жиликтегенге жетишип, экинчисин союп жатканда кармалышкан.

Аталган фактынын негизинде жаратылышты коргоо мыйзамы бузулгандыгы тууралуу  акт түзүлүп, бардык материалдар укук коргоо органдарына берилген.

Белгилей кетсек, тоо эчкини мыйзамсыз аткандарга жүз миң сом айып пул салынат.
[su_image_carousel source=»media: 50602,50601,50600,50599″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Exit mobile version