Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө унаа уурдаган шектүү кармалды

Ысык-Көл облсунда жергиликтүү тургундун унаасын уурдай качкан шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 26-октябрда 39 жаштагы жергиликтүү тургун  Volkswagen Golf III үлгүсүндөгү унаасын уурдатканы тууралуу арыз менен кайрылган.

Арыздын негизинде «Перехват» операциясы киргизилип, жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспекторлорго кабарланган.

Көп узабай уурдалган автоунаа Тоӊ районуна багыт алганы белгилүү болуп, аталган аймактын инспекторлору автоунааны уурдап качкан  34 жаштагы адамды үч сааттан кийин Кызыл-Туу айылынан колго түшүрүшкөн.

Аталган факт Жазык кодексинин 206 беренесинин 1-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Exit mobile version