Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө жугуштуу ооруулар боюнча жаңы оорукана пайдаланууга берилди

Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканада 35 орундуу жугуштуу оорууларды дарылай турган оорукана пайдаланууга берилди. Алардын 25и интенсивдүү терапия палаталары болуп саналат.

Облустук оорукананын директору Мирбек Сагынбаевдин айтымында, бөлүмдүн капиталдык ремонту толук бүткөн жана пайдаланууга берилген.

«Азыркы убакта облустук бириктирилген ооруканада коронавирус инфекциясы жана этиологиясы такталбаган пневмония менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн 90 койка-орундук жайгашкан. Жаңы ооруканада дагы кошумча 35 койка-орундук болот. Бүгүнкү күндө суюк кычкылтектин борборлоштурулган жабдуусун орнотуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бардык керектүү жабдыктар келип түшкөн: өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары, керебет мониторлору, көп функционалдуу керебеттер, кычкылтек концентраторлору жетиштүү санда. Даярдык иштери толук кандуу жүрүп, түнкүсүн да иштеп жакынкы күндөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн госпиталда бейтаптарды кабыл алууну баштайбыз деп ойлоп жатабыз», — деп маалымдады Мирбек Сагынбаев.

Сагынбаев бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектердин камы жана ЖКК жетиштүү санда бар экендигин белгиледи.

Exit mobile version