Ысык-Көлдө жол кырсыгынан каза болгон жигит унааны уурдап бараткан

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан каза болгон жигит унааны уурдап бараткан

26-июнга оогон түнү Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан каза болгон жигит унааны уурдап бараткан. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Кырсык болгондугу тууралуу милицияга кабар 26-июнь күнү саат 03:30 чамасында түшкөн.

Ыкчам тергөө топ окуя болгон жерге барып, кырсыкка кабылган “Ауди А6”  үлгүсүндөгү унааны каза болгон 18 жаштагы жигит менен анын 22 жаштагы шериги, Каракол шаарында токтоп турган жеринен айдай качышканын аныктаган.

Жүргүзүлгөн тактоо иштеринин натыйжасында унаанын ээси табылган. Ал милицияга арыз жазып, материалдар бирдиктүү реестрге катталган. Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

26-июнь күнү эрте менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 18 жаштагы жигит каза тапкандыгы жана дагы бир адам жабыркагандыгы тууралуу билдирүү тараткан.

[su_image_carousel source=»media: 32753,32754″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>