Ысык-Көл облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды

Ысык-Көл облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды

Ысык-Көл облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды. Облустук ыкчам штабынын маалыматына ылайык, эпидемия башталгандан бери 119 күндүзгү стационар ачылып, аларда 1 миң 655 орундук түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда штабдан маалымдашты.

Учурда облус аймагында 6 аймактык оорукана, 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 2 жалпы дарыгерлик практика борбору, 53 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 120 фельдшердик акушердик пункт бар.

«Аталган аймак боюнча медициналык мекемелерде 740 дарыгер, 2 миң 144 медайым жана облуска сырттан келген 52 дарыгер эмгектенүүдө.

Облустук жана райондук аймактык оруканаларда кычкылтек тутумдары орнотулган, мындан сырткары облус боюнча 1014 кычкылтек концентратору бар, алардын 593 даанасы ооруканаларда, калгандары күндүзгү стационарларда. Облус боюнча 15 стационардык жана 4 көчмө рентген аппараты бар», — деп жазылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>