Ысык-Көл облусунда коомдук унаага чектөө киргизилди

Ысык-Көл облусунда коомдук унаага чектөө киргизилди

Ысык-Көл облусунда коомдук унаага чектөө киргизилди. Мындай чечим аталган облустук ыкчам штабы тарабынан кабыл алынды.

Ага ылайык, региондор аралык жүргүнчү ташыган коомдук транспорт жана такси 10-июлдан тартып токтойт. Облустун аймагындагы коомдук каттамдар 10-июлдан 20 июлга чейин иштебейт. Такси кызматтары санитардык эпидемиологиялык нормаларды аткаруу менен иштеши текшерилет. Нормаларга ылайык, 70%га чейин орундуктарды ээлөөсү каралган.

Мындан сырткары 10 күндүк обочолонуу акциясынын алкагында ар бир жаран жеке менчик турак жай аянтчасын дезинфекциялоо иштерине көңүл буруусу сунушталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>