Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөр карантинге жабылат

Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөр карантинге жабылат

Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөр карантинге жабылат. Мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу боюнча облустук штабдын бүгүн, 20-марттагы отурумунда кабыл алынды.

“Облустун аймагында коронавирустун жайылып кетүү жана жуктуруу тобокелчиликтерин азайтуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын сакташыбыз керек”, — деп билдирди Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүү Акылбек Осмоналиев.

Ысык-Көл дубанында 127 пансионат, 192 эс алуу үйү, 119 мейманкана, 12 эс алуу борбору, 3 реабилитациялык борбор жана 19 балдар эс алуу лагери иштейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>