Ысык-Көлдүктөр “Бир Бол” партиясынын лидерлерине ыраазычылык баракчасын тапшырышты

Ысык-Көлдүктөр “Бир Бол” партиясынын лидерлерине ыраазычылык баракчасын тапшырышты

Балыкчы шаарынын тургундары Ысык-Көл элинин атынан “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана Алмамбет Шыкмаматовго уран жана торий кендерин казууга тыюу салган Мыйзамды иштеп чыккандыгы үчүн ыраазычылык баракчасын тапшырып, алкыш айтышты.

“Бул Мыйзам кабыл алынбаса, элибиздин ден-соолугуна терс таасир тийип, ар кандай илдеттерге чалдыгып, экологиябыз да бузулмак. Уран кени казылгандан кийин Ысык-Көлгө бир дагы эс алуучу келмек эмес. Элим деп күйгөн Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматовдой азаматтарыбыз бар экенине шүгүр. “Бир Бол” партиясына алдыдагы шайлоодо жеңиш каалайбыз!” -дешти тургундар.

Эске салсак, былтыр Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов баштаган бир катар депутаттар Кыргызстандын аймагында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга, уран, торий кендери чыккан жерлерди иштетүүгө (уранды, торийди казып алууга) тыюу салуу боюнча Мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Натыйжада Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо таап, Президент кол койгон.

[su_image_carousel source=»media: 42100,42101,42102,42103,42104″ crop=»none» autoplay=»4″]

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 29-сентябрь, 2020-жыл.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>