Ысык-Көлдө 13 жаштагы кызды мектепте иштегендер жарым жыл зордуктап жүргөн

Ысык-Көлдө 13 жаштагы кызды мектепте иштегендер жарым жыл зордуктап жүргөн

Ысык-Көл облусунда 13 жаштагы кызды үч эркек жарым жыл зордуктап жүргөндөрдүн экөөсү жазадан бошотулуп, бири жеңил жаза алган. Окуя боюнча Тоң районунун прокуратурасы райондук соттун чечимине даттанат. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Буга чейин Тоң райондук сотунун судьясы 13 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталып жаткан эки адамды актап чыкканы маалымдалган.

Айыпталуучулардын бирөө гана 7 жыл 6 айга абакка кесилген.

Окуянын чоо-жайы:

Окуя бир жыл мурун башталган. Кыз 7-класстты чоң атасынын үйүндө жашап окуган. Ал учурда ата-энеси тоого мал багып кетишкен.

Кыздын ата-энесинин айтымында, кыздын зордуктагандардын бири мектепте от жагып иштеген киши болсо, экинчиси ошол эле мектепте уста болгон. Кийин 45 жаштагы Урмат аттуу киши кызды Бишкекке алып кетип зордуктап жүргөн.

Маалыматка ылайык, учурда кыз кризис борборлорунун биринде, бир жылдан бери дарыгерлердин кароосунда. Кыз зордуктагандардын бирөөсүнөн боюнан болуп калып, боюнан алдырууга туура келген.

Кыздын ата-энеси соттордун мындай чечимине нааразы болуп, алардын мыйзамдуу чечим чыгарарына ишеним жок болуп калганын билдиришүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>