Ысык-Көлдө 19 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайда асынып алды

Ысык-Көлдө 19 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайда асынып алды

Тоң районунда зордуктоого шектелген 19 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайда асынып алды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 29-март күнү болжол менен саат 10:00 чамасында асынган. Кызматкерлер асынган жигиттин моюнундагы жибин кесип, «Тез жардам» кызматын чакырышкан. Дарыгерлер келип, анын каза болгонун аныкташкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүү башталганы айтылат.

2002-жылы туулган жаран зордуктоо фактысы менен шектүү катары кармалган. Ал январь айында Бөкөнбаев айылында 1989-жылы туулган келинди зордуктоого шектелип, 2 айга камакка алынган. Иш сотко өтүп, 25-мартта сот башталган. Анда шектүү сотко барган. Кийинки отурум 15-апрелге жылдырылгандан улам шектүү Тоң РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабараланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>