Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө 34 жаштагы кишини карагай басып калып каза болду

Ысык-Көлдө 34 жаштагы кишини карагай басып калып көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-декабрда Ысык-Кол облусуна караштуу Ак-Суу районунда Жыргалаң шахтасында карагай кыйып жаткан адамдардын бирин карагай басып калган. 

Окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин карагайдын алдынан алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

 

Exit mobile version