Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн 11-сентябрда саат 13:15тер чамасында Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Подгорное, Кызы-Суу айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.