Ысык-Көлдө окуучу кызды зордуктамак болгон кишини эл ташбараңга алды

Ысык-Көлдө окуучу кызды зордуктамак болгон кишини эл ташбараңга алды

Ысык-Көл облусунун Кашат айылында 51 жаштагы киши  кошунасынын 12 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылган. Бул маалыматты Reporter.kgге аймакттык милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя өткөн жумада болгон. Айылдын жашоочусу кошунасынын 4-класс окуган кызын кармап алып, аны зордуктоого аракет кылган. Жергиликтүү тургундар кызга кол салган кишини бакка байлап, аны ташбараңга алышкан. Милиция айылдын аксакалдарын чакырып, тургундардын таш менен уруусун токтоткон.

Бул факт «Зордуктоого аракет кылуу» беренеси менен Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Аталган окуя боюнча 5-мартта кыздын энеси милицияга арыз жазган. Анын негизинде кылмышка шектүү 1961-жылы туулган жаран Каракол шаарындагы СИЗОго эки айга камакка алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>