Ысык-Көлдө 74 жаштагы атасын таяк менен сабап өлтүргөн адам кармалды

Ысык-Көлдө 74 жаштагы атасын таяк менен сабап өлтүргөн адам кармалды

Ысык-Көлдө 74 жаштагы атасын таяк менен башка чаап өлтүргөн адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 9-декабрь күнү милицияга Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы үйлөрүнүн биринде карыган адамдын киши колду болуп өлгөн жансыз денеси табылды деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тобу маркум башы катуу нерсе менен жанчылгандыгын аныкташкан.Көп узабай маркумдун өздүгү такталып, ушул эле айылдын 74 жаштагы тургуну К.Д. аттуу адам экени аныкталган. 

Бул факт, Жазык кодексинин 130 (Киши өлтүрүү) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Анын алкагында шектүү катары маркумдун 41 жаштагы К.С. аттуу уулу кармалган.

Ал алгачкы суракта эле күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, атасы менен уруша кеткенден улам, аны бейсболдук таяк менен сабагандыгын билдирген. Далил зат катары, андан кылмыш куралы болгон бейсболдук таяк алынган.

Сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганча, шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

[su_image_carousel source=»media: 51455″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>